05.06.2018 11:07

Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик  кеңеш түзүлдү. Курамы

Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик  кеңеш түзүлдү. Курамы

Кыргыз Республикасында санариптик трансформациялоо үчүн жагымдуу шарттарды, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүнү, мамлекеттик башкарууда жана киберкоопсуздукту камсыз кылууда инновациялык ыкманы колдонууну камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу боюнча ишке жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик  кеңеш түзүлдү. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдык жана ченемдик укуктук базаны экспертизадан өткөрөт жана аны өркүндөтүү боюнча, анын ичинде эл аралык интеграциялык процесстер жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат.

Ошондой эле санариптик трансформациялоонун маселелери, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү, санариптик экономика үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле санариптик трансформациялоо менен байланышкан башка маселелер боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Эксперттик кеңештин жүктөлгөн функцияларды аткаруусуна ар тараптан көмөк көрсөтүп, анын ичинде мамлекеттик сырды жана мыйзам тарабынан корголуучу башка сырларды камтыган документтерди кошпогондо, документтерди жана материалдарды берет.

Эксперттик кеңештин курамы:

Догоев Дастан Давлетович - Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Санарип Борбордук Азия - Туштук Азия: Кыргыз Республикасы" долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн директору, Эксперттик кеңештин координатору;

Аденисов Адилет Аденисович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти;

Турдалиев Эдуард Климович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице- премьер-министринин кеңешчиси;

Абдуллаев Талант Тынычбекович -  Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору;

Саккараева Элина Джанарбековна - Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Ачык маалыматтар боюнча аракеттердин планы" долбоорунун менеджери;

Закенаев Кубанычбек Акимгазиевич - "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк" жабык акционердик коомунун маалыматтык    коопсуздук программаларынын башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);

Абакиров Азис Джумабекович -   Программалык камсыз кылууну жана кызмат         көрсөтүүлөрдү   иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Исмаилова Рита Асанкуловна -    "Манас" Кыргыз-Турк университетинин инженердик факультетинин улук окутуучусу (макулдашуу боюнча);

Казыбай Темир -  көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).